Бишкек мэриясы шаарга электрондук маалымат тактайларын орнотууда. Бул тууралуу бүгүн, 23-мартта Бишкек мэриясынын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.
Орнотулуп жаткан электрондук тактайларда башкы санитардык дарыгердин, шаардык штабдын, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын телефон номуру жазылган. Ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясы тургундарды сак болууга, тазалыкты сактоого, көчөгө чыкпоого чакырат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ