Кыргызстандагы бардык дарылоо мекемелеринде күчөтүлгөн тартипте карантин жарыяланган. Бул тууралуу бүгүн, 23-мартта өкмөттүн брифингде КР Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Ал төрөт үйлөрү жана башка ооруканаларга бейтаптардын туугандарына келүүгө тыюу салынганын айтты.
“Чет өлкөдөн боюнда бар айымдар келип жатат. Аларга №2 төрөт үйүндө атайын санитардык-карантиндик зонаны бөлүп, ошол жерге жаткырылат. Ал эми төрөт үйүнөн чыккан айымдар ымыркайлары менен өздөрүнүн үйүнө карантинге жиберилет” – деп билдирди Айнура Акматова.
Ал ошондой эле төрөт үйлөрүндө таажывирус аныкталбаганын кошумчалады.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ