Нарын облусунда таажывирусун жуктуруп алган адамдар катталган жок. Бул тууралуу бүгүн, 23-мартта өкмөттүн брифингде КР Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Анын айтымы боюнча, Нарын облусунда дааватка барган адам бар, алардын бардыгы обсервацияга жаткарылган.
“Дааватка барып келген тургундардан таажывируска анализ алынып, жыйынтыгында вирустун илдети табылган эмес. Карантиндин 12-13-күнүндө алардан кайрадан анализ алынат” – деп билдирди Айнура Акматова.
Белгилей кетсек, бүгүн, 23-мартта Ноокатта 2 адамдан таажывирус аныкталды, Кыргызстан боюнча таажывирусту жуктуруп алгандардын саны 16га жетти.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ