Menu

Таажывирус илдети бар деп ооруканага жаткырылгандардын арасында эки кичинекей ымыркай бар

Бөлүшүү:

Билим берүү жана илим министрлигинин кызматкерлери бир күндүк эмгек акысын коронавируска каршы күрөшүү үчүн которушат. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Ага ылайык, билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков коронавирустун жайылышына жол бербөө максатындагы иш-чараларды каржылоо үчүн атайын эсепке министрликтин кызматкерлеринин бир күндүк эмгек акысын которуп берүү боюнча сунуш берип, министрликтин жамааты тарабынан колдоого алынганы айтылат.

“Педагогдор жамааты медициналык кызматкерлердин каармандык менен жүргүзүп жаткан эмгектерин моралдык жана материалдык жактан колдоого алаарын билдиришти. Кыргыз өлкөсүнүн жогорку жана атайын орто окуу жайлары бул илдеттин алдын алуу үчүн комплекстүү иш-чараларды иштеп жатат жана атайын эсепке салым кошуу боюнча өз демилгелерин көрсөтүшүүдө. Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз эли бул илдетти сабырдуулук, ынтымак, биримдик менен жеңээрине ишенип, дарыгерлердин күн-түн билбеген эмгегин жогору баалап, аларга атуулдук тилектештигин билдиришет” , – деп айтылат маалыматта.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: