Ош облусунун Кара-Суу району калк жыш жайгашкан аймак болгондуктан, ал жакка Өзгөчө абал тартиби киргизилди. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта онлайн-маалымат жыйында Ички иштер министрлигинин орун басары Алмазбек Орозалиев билдирди.
“Кара-Суу районунда 400 миңден ашуун жаран жашайт. Биз кооптуу абал жараткыбыз келген жок. Алдын ала коопсуздук чараларын көрүп жатабыз” – деди Алмазбек Орозалиев.
Белгилей кетсек, бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларына. Ноокат, Кара-Суу жана Сузак райондоруна Өзгөчө абал тартибин киргизүү жөнүндө буйрукка кол койгон.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ