Бүгүн, 25-март саат 9:00гө карата Кыргызстанда таажывирусуна чалдыккан киши катталган жок. Бул тууралуу өкмөттүн брифингде КР Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Ал, Кыргызстан боюнча 42 адам тажывируска чалдыкканын айтып, бардыгы дарыланып жатканын билдирди. Таажывирусун жуктуруп алган 71 жаштагы Сузактык бейтап жандандыруу бөлүмүндө дарылануусун улантып жатат.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ