Menu

Олег Панкратов: Евразия экономикалык биримдигинде үчүнчү өлкөлөр үчүн байкоочулар институтун киргизүү маселеси каралууда

Бөлүшүү:

Евразия экономикалык биримдигинде үчүнчү өлкөлөр үчүн байкоочулар институтун киргизүү маселеси каралууда. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри ЕЭК кеңешинин төрагасы Олег Панкратов бүгүн, 22-августта, Чолпон-Ата шаарында өткөн Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) кеңешинин кезектеги жыйынында билдирди. Мындай маалыматты өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

Вице-премьер-министр Олег Панкратов Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) кеңешинин кезектеги жыйынында 20 маселе каралганын билдирди.

«Болуп өткөн жыйындын күн тартибине киргизүү үчүн маанилүү маселелердин бири байкоочулардын статусу жөнүндөгү талкуу болду. Биз КМШ өлкөлөр үчүн ошол эле шартта үчүнчү өлкөлөрдөн байкоочу статусун киргизүүнү сунуштайбыз. Бул эркин соода аймагындагы өлкөлөргө соода көлөмүн көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк берет», — деди вице-премьер-министр Олег Панкратов.

ЕЭК төрагасы  Тигран Саркисян ЕЭК кеңешиин жыйыны абдан маңыздуу болуп, көп маселелер талкууланганын билдирди.

«Жыйындын жүрүшүндө биз бир нече актуалдуу маселелерди талкуулаганга, анын ичинен биздин интеграциялык биримдиктин сырткы багыттары боюнча да сүйлөшкөнгө жетиштик. Биз жыйындын катышуучуларына сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү тууралуу толук маалымат бердик. Ички багыттар боюнча айта турган болсок, акциздик саят тууралуу сүйлөштүк, бардык товарларда бирдей саясат болушун талкууладык. Бул биринчи кезектеги спирт ичимдиктери менен тамеки. Биз этабы менен акциздик чогултууларды жакындаштырып, көмүскө тармактан чыгышыбыз керек. Мындан сырткары маркировкаларды көзөмөлдөө боюнча да сөз болду. Биз бардык товарларда бирдиктүү саясат болгон деңгээлге жетишибиз керек. Аны менен бирге технологиялык аянтча болушу шарт», — деди ал.

Жыйындын жүрүшүндө тараптар соода, экономика, финансы тышкы саясат, бажылык жөнгө салуу, энергетика, маалыматтык-технология, коммуникация тармагындагы кеңири маселелерди талкуулашты.

Мындан сырткары жыйындын катышуучулары 2018-2020-жылдарга  «Евразия жумалыгы» форумун кайсы жерде өткөрүү чечимин кабыл алышты.

Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин жыйынына Армения, Беларусь,  Казахстан, Россия мамлекеттеринин өкүлдөрү жана ЕЭК төргасы  Тигран Саркисян, Коллегиянын мүчөлөрү ЕЭК (министрлер) катышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 71 = 78

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: