Ош облусунун аймагында санитардык-карантиндик посттордун саны көбөйөт. Бул тууралуу бүгүн, 26-мартта брифингде Ош шаарынын, Кара-Суу жана Ноокат районунун коменданты Малик Нурдинов билдирди.
Анын айтымы боюнча, бүгүнкү күндө Ош шаарында 11 карантиндик посстор коюлган. Ал эми Ош облусунун аймагы боюнча 62 пост орнотулган. Санитардык-карантиндик посттордо укук коргоо органдарынын, ӨКМдин жана Санэпидемстанциянын кызматкерлери иш алып барып жатат.
Белгилей кетсек, өлкө боюнча таажывирусун жуктурган 44 учуру аныкталган, алардын ичинен:
Ош облусунда – 20 учур,
Жалал-Абад облусунда – 19 учур,
Бишкек ш. – 3 учур,
Чүй облусунда – 1 учур,
Баткен облусунда – 1 учур.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ