Түндө Бишкекте коменданттык сааттын эрежелерин бузган 195 адам, анын ичинде 163 эркек, 14 аял жана 6 өспүрүмдөр кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-мартта Ички иштер министрлигинин орун басары, Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев брифингде билдирди.
Кечээ, 25-мартта саат 20:00дөн 7:00гө чейин коменданттык саат киргизилген.
“Коменданттык саат жарыялангандыгына карабай, коюлган талаптарга баш ийбей, көчөдө жүргөн 195 адам кармалды. Алар Бишкек шаарындагы райондук ички иштер башкармалыгына алынып келинип, өздүктөрү аныкталып, протоколдор түзүлүп, териштирүү иштери жүргүзүлдү. Кармалган 195 адамдын арасында 18 чет элдик жарандар да бар” – деп билдирди комендант.
Коменданттык сааттын эрежелерин бузгандар: Ленин району – 56 (анын ичинен 49 эркек, 7 аял), Свердлов району – 60 (анын ичинде 54 эркек, 6 аял, 2 өспүрүм), Октябрь району – 37 адам (анын ичинде 36 эркек, 1 аял, 3 чет өлкөлүк жаран), Биринчи май району – 42 адам (анын ичинде 9 чет өлкөлүк жаран, 1 өспүрүм бар).
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ