Таажывирусту дарылоодо тажрыйбасы бар Кытайдын дарыгерлери менен телеконференция өткөрүлгөн жана кытайлык дарыгерлерди Кыргызстанга жөнөтүү үчүн атайын кат дайындалган. Бул тууралуу бүгүн, 26-мартта өкмөттүн брифингде КР Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова.
Анын айтымы боюнча, кат Тышкы иштер министрлиги тарабынан жөнөтүлгөн.
“Кытайлык дарыгерлер бүгүн же эртең келбейт. Бирок сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Тышкы иштер министрилиги бул маселенин үстүндө иштеп жатат” – деп билдирди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ