Menu

Видео – Эмомали Рахмон мэр болгон уулун Дүйшөмбүнү башкарууга үйрөтүүдө

Бөлүшүү:

Тажикстандын негиздөөчүсү деп жарыяланган Эмомали Рахмон январда уулун Дүйшөмбүнүн мэри кылып дайындаган. Рустам Эмомали 30га чыга элек жана КМШ өлкөлөрүндөгү борборлордун эң жаш мэри болуп эсептелет.

Эмомали Рахмон уулу катышкан жыйындардын биринде ага шаарды кантип башкаруу керектиги боюнча беш кеңешин берди. Мамлекет башчы алгач мэр дайыма бекем болуусу керектигин айтты. «Сен берген тапшырмаларыңдын аткарылышын көздөмөлдөп тур. Сен жашсың, өтө жашсың. Мен сендей курагымда совхоздун директору болгом», – деди Эмомали Рахмон.

Андан соң өлкө башчы мэрдин колунда бар, оокаттуу экенин белгиледи. «Сага эч ким басым жасай албайт. Эч ким сага тигини же муну жумушка ал деп буйрук бере албайт. Ошондуктан сени дайындадым, башканы койбойт болчумун», – деди Эмомали Рахмон.

Үчүнчү кеңеши катары Рахмон мэр эл үчүн бааларды төмөндөтүшү керектигин айтты. Өлкө башчы Рустам Эмомалини калкты татыктуу жумуш, транспорт жана электр энергиясы менен камсыздоого үндөдү.

Андан соң президент уулуна кол алдындагы кызматкерлерге эч качан орой мамиле кылбоо жана алар менен маданияттуу сүйлөшүү кеңешин берди.

Соңунда мэрди ишкерлердин үйүндө түштөнбөөгө чакырды. «Ресторандарга барба. Жумушчулардын, карылардын жана жесирлердин үйлөрүнө барып түштөн. Алар сени колунда бар нерсеси менен сыйлагандыгы үчүн кубанычта болушат. Алар калаа башчысын тосуп алууну сыймык катары көрүшөт», – деп кошумчалады Эмомали Рахмон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 93 − 92 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: