Menu

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев Россиядагы мигранттар менен скайп аркылуу пикир алышты

Бөлүшүү:

Бүгүн, 26-мартта Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев Россиядагы мигранттар менен скайп аркылуу пикир алышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Россиянын Иркутск облустунда эмгектенип жүргөн кыргызстандыктар Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов менен скайп аркылуу байланышып, Оштогу абалды талкуулашты. Шаар мэри мигранттарга абал туруктуу экенин, жарандардын ден соолугу үчүн кайрылышкандарына ыраазычылык билдирди.

“Биздин азыр бошошо турган мезгил эмес. Бул жугуштуу илдет менен мамлекет эле эмес, жалпы элибиз күрөшүүдө. Дүйнөнү каптаган илдеттен баары сактанып жатат. Мигранттар силер сыртта болсоңор да, жүрөгүңөр мекенде экенин көрүп турабыз. Бул жактагы ата-эненер, үй-бүлөңөр силерди ойлоп жатат. Бөтөн жерде, бөтөн элде жүрсөңөр да эч качан духуңарды түшүрбөгүлө. Силер бизге эмес, биз силерге жардам беришибиз керек. Бизде баары жайында. Кыргызстандагы үй-бүлөңөр менен, досторуңар менен сүйлөшкөндө аларга дем бергиле.

Жалпыбыз бириксек, тартипти сактасак баарын женебиз. Мекендин чыныгы патриоттору, балдарын ак эмгек менен, пешене тер менен багып жаткандар, бул мигаранттар. Мен да силер сыяктуу бөтөн жерде, чет элде мигранттын турмушун көрүп, мигранттык турмуштун ысык суугун сезип келгенмин. Балдар, биздин көздүн карегиндей сактай турган, коргой турган, бейиштей жерибиз бар. Ал Кыргызстан!
Бейиштей мекенибиздин элинин дени сак, курсагы ток болуш керек. Азыркы кырдаалда, азыркы учурда мекенди унутпай, баарына даяр турганынарды көзүнөрдөн карап билип турам. Силердин эң эле жардамынар, үйдөгүлөргө телефон чалып, үйдөн чыкпа, өздүк гигиенаны сакта, дарыгерлердин айтканын уккула деп айткыла. Президентибиздин саясаты, бийликтегилердин максаты гүлдөгөн Кыргызстанды куруу. Бул илдетти женип алсак, алдыга койгон пландарды ишке ашырабыз. Силердин балдарынар, келечек муун таза, өнүккөн, гүлдөгөн өлкөдө жашасын десек, баарыбыз Кыргызстан үчүн иштешибиз керек. Экономикага силердин салымынар чон. Силерге ыраазычылык билдирем”,-деди шаар мэри Сарыбашов.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 75 = 82

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: