Бүгүн да Бишкек шаарынын борбордук көчөлөрүндө дезинфекциялоо иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 27-мартта республикалык штаб билдирди.
Маалыматка караганда, картада көрсөтүлгөн төрт бурчтукта автоунаалардын жүрүшүнө тыюу салынат.
Жөө жүрүүчүлөр дезинфекциялоо иштери жүрүп жаткан аймактан маршруттук баракчасы, медициналык документтери, ошондой эле, өздүгүн тактаган документтери болгон шартта жүрсө болот.
Республикалык штаб Бишкек карантиндик зона болгондуктан, дезинфекциялоо иштери анын бардык райондорунда жүргүзүлөрүн эскертет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ