Таажывируска каршы күрөшүү боюнча административдик эсепке 49,5 млн сом келип түштү. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Кечээ, 27-мартта (саат 17.00) карата, Кыргызстандын аймагындагы таажывируска каршы күрөшүү боюнча иш-чаралар үчүн түшкөн ыктыярдуу төгүмдөрдү жана кайтарымсыз акча каражаттарын чегерүү үчүн ачылган административдик эсепке жалпысынан 49 млн 520 миң 447 сом акча каражаттар түштү.
Ачылган эсептер:
1) Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгында ачылган № 4402011000101373 «Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги – коронавирус боюнча иш-чаралар», БИК 440001 администрацияланган эсеби;
2) «РСК Банк» ААК № 1299004130020044 «COVID-19 менен күрөшүүнү колдоого акча каражаттарын чогултуу үчүн Кыргыз Республикасынын Борбордук казыналыгынын эсеби (сом менен)» эсептешүү эсеби, БИК 129001;
3) «Айыл Банк» ААК № 1352119927702865 «Ыктыярдуу төлөмдөр үчүн бирдиктүү эсеп (COVID) (сом менен)» эсептешүү эсеби, БИК 135001.
Акча каражаттарын чегерүү үчүн «14 511 100 – Мамлекеттин пайдасына алынган кирешелер» элементинин кодун пайдалануу зарыл.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ