Бүгүн, 3-майда Лейлек районунда сел алган жерлерди тартылган куткаруучулар жана техникалардын жардамында тазалоо иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Эскерте кетсек, министр Замирбек Аскаровдун тапшырмасы менен министрдин орун басары Равшан Рысбаев жетектеген ыкчам топ Лейлек жергесинде жүрөт. Министр абалды жеке көзөмөлүнө алды.
Жалпысынан КР ӨКМнин Баткен облусу боюнча башкармалыктын башчысы жетектеген ыкчам топ, 20 куткаруучу жана №13 ЖТИден 4 грейдер, 2 жүктөгүч, 1 самосвал, жеке компаниядан 1 жүктөгүч иштеп жатышат.
Эскерте кетсек, кечээ, 2-май күнү саат 18:30 чамасында жаап өткөн жаандын кесепетинен тоолордон келген сел суулары арыктан ашып, Исфана шаарындагы Дадасиян, Восточный, Строительный көчөлөрүндө жана Жаңы-Конуш тилкесинде жайгашкан 4 турак үйдүн жер төлөөсүнө, 10 турак үйдүн огороддоруна, “Арча-Бешик” бала-бакчасынын жер төөлөсүнө жана Кара-Дөбө айылынын Катар тилкесинде 1 турак үйгө сел суулары кирген. Ошондой эле Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 380-чакырымын, Исфана-Андарак-Көкташ унаа жолунун 10-27-чакырым аралыгын, Самат-Замборуч-Жаркыштак унаа жолунун 8-27-чакырым аралыгын кум шагылдарга толтурган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ