Кечээ, 29-мартта Кыргызстанга Москвадан чартердик рейс аркылуу келген 401 жаран обсервацияга алынган. Бул тууралуу бүгүн, 30-мартта Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев онлайн брифингде билдирди.
Анын айтымы боюнча, учуп келгендердин арасынан кээ бирлери үйлөрүнө коё берилгендиги тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт.
“Москвадан учуп келген жарандардын бардыгынан экспресс-тест алынган. Мындан сырткары, алар ПЦР анализдерин тапшырышат. Тапшырылган анализдердин жыйынтыгы кечке чейин чыкса, жалпыга маалымдап айтабыз” – деп билдирди Космосбек Чолпонбаев.
Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Москвадан 401 кыргызсдандык менен чогуу 1 Россиянын жараны келгенин айтты.
“Учуп келгендердин арасында Россиянын жараны бар болгон, ал Москвага кайра жөнөтүлгөн. 401 жаран “Ак Кеме”, “Достук” жана “Карвен” мейманканаларына жайгаштырылган. Авиабилеттери бар жарандардын бардыгы өз мекенине кайтышат. Кыргызстан өзүнүн жарандарын таштабайт, өлкөбүз аларды кабыл алууга даяр” – деп кошумчалады Кубатбек Боронов.
https://www.youtube.com/watch?v=8mkvjzMjl0s&t=1s
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ