Республика боюнча 96 миң аз камсыз болгон үй-бүлө катталган. Бул тууралуу бүгүн, 1-апрелде өкмөттүк брифингде Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова билдирди.
Анын айтымында Бишкек шаары боюнча аз камсыз болгон 18 миңден ашуун үй-бүлө бар экени аныкталган.
“Күнүмдүк жумушта иштегендер дагы үйүндө отуруп калгандыгына байланыштуу бүгүнкү күндө аз камсыз болгон үй-бүлө мындан дагы көп. Бул тизме дагы толукталат. Жардамга муктаж болгондор каттоосу жок болсо дагы кайрылса жардам көрсөтүлөт”,- деди Солтонбекова.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ