Menu

Фото – Жалал-Абадда өзгөчө абалга байланыштуу күндүзү дагы көзөмөл күчөтүлдү

Бөлүшүү:

Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймагында өзгөчө абал киргизилгенине карабастан жергиликтүү тургундардын кайдыгер мамиле жасап, дагы деле болсо коомдук жайларда себепсиз жүргөндүктөрү байкалууда. Бул тууралу Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча комендатурасынын басма сөз кызматы билдирет.

Буга байланыштуу бүгүн 1-апрелде Жалал-Абад шаарынын аймагында коронавирус илдетинин алдын алуу жана жарандардын негизсиз көчөдө жүрүүлөрүнө чектөө коюу максатында рейд жүргүзүлүүдө. Шаар аймагында жүргөн автоунаалар да текшерилип, тиешелүү документтери жок унаалар айып короого жеткирилүүдө. Шаар тургундарына ооруканага, дарыканага жана азык-түлүк үчүн дүкөндөргө гана барууга мүмкүн экендиги, азыркы шартта зарыл жумушу болбосо сыртка чыкпоо керектиги түшүндүрүлүп жатат.

“Биздин негизги максат дүйнө жүзүндө тарап жаткан илдеттин алдын алуу, жугузуп алууларды болтурбоо жана жарандардын саламаттыгын, коопсуздугун  сактоо болуп эсептелет. Көрүлгөн чараларга карабастан жарандар түшүнүү менен мамиле жасабай, кайдыгер болуп, тоготпоочулук жагдайлар жаралганы үчүн  учур талабы катуу чараларды талап кылып жатат. Ошол себептүү алдын алуу жана түшүндүрүү иш-чаралары күчөтүлүп, катуурак талаптар коюлуп, айрым чектөөлөр болууда” – деп баса белгиледи  Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча коменданты Ж.Жоробеков онлайн брифинг учурунда.

Азыркы кырдаалга байланыштуу шаар тургундарын укук коргоо органдарынын талаптарына баш ийип, үйдөн чыкпай, мыйзам  жана эпидемиялык-карантиндик эрежени бузуудан алыс болуп, тартипти сактап, өзүңүздөрдүн ден соолугуңуздарга кам көрүүгө чакырабыз.

Эске салсак буга чейин айрым маалымат булактарынан Жалал-Абадда тиешелүү кагаздары жок автоунаалар айып короого жеткирилип жатат деген маалымат жарыяланган болчу.

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

+ 77 = 85

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: