Колунда бар, чоң үйлөрдө жашап, кымбат унааларды айдаган үй-бүлөлөр да таажывирустан жапа чеккен аярлуу катмарга жардам берүү үчүн түзүлгөн “Жардам Борборуна” жардам сурап кайрылып жатышат. Бул тууралуу кечээ, 1-апрелде өткөн брифингде Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Мирлан Парханов билдирди.
Анын айтымында, буга чейин башка уюмдардан жардам алган жарандар да “Жардам Борборуна” кайра эле кайрылып жатышат. Анан бир эле үй-бүлө 2-5 жолудан кайталап жатышат. Ал эми көп муктаж үй-бүлөлөр бир да жолу алыша элек. Ал, жардам жеткирүүгө катышкан ыктыярчыларды кыйнабай, жардам ала элек адамдарды да ойлоого чакырды.
Ошондой эле үстүндө чоң үйү, астында машинасы, колунда бар адамдардын да жардам сурап кайрылып жатканына токтолду.
“Эми мындан ары эгерде дарекке жардам алып келген ыктыярчы үй-бүлө жакыр же жардамга муктаж деген критерийлерге жооп бербесе, колунда бар адамдардан экени көрүнүп турса анда ыктыярчы, албетте, бардыгын документтештирип туруп, жардам берүүдөн баш тартууга укуктуу” деди Парханов.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ