Бүгүн, 15-майга карата Кыргызстанда дагы 29 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу КР Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 6, Чүй облусунан – 4, Ош облусунан – 1, Ош шаарынан – 2, Жалал-Абад облусу – 2, Нарын облусу – 11, Ысык-Көл облусунан – 1 катталган.
Муну менен өлкөдө ооругандардын жалпы саны 1111ге жетти. Алардын ичинен:
– Жалал-Абад облусунда — 153 адам;
– Ош облусунда — 182 адам;
– Ош шаарында — 118 адам;
– Бишкек шаарында— 302 адам;
– Нарын облусунда — 163 адам;
– Чүй облусунда — 98 адам + 58 Соль-Илецкиден келген кыргызстандыктардын арасында катталган;
– Баткен облусунда — 24 адам;
– Ысык-Көл облусунда — 13 адам.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ