Menu

Пакистанда дагы 3 кыргызстандыктан таажывирусу аныкталды

Бөлүшүү:

Кечээ, 1-апрелге карата Пакистанда таажывирусун жуктуруп алгандардын жуктургандардын арасында дагы үч кыргызстандык аныкталды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 2-апрелде билдирди.

Алдын ала маалыматтар боюнча, таажывирусун жуктурап алган 70, 68 жана 61 жаштагы жарандар дагы 6 кыргызстандык жана Россиянын бир жараны (КРда туулган) менен Пакистандын Абботабад шаарына дааватка кеткен.

Учурда бейтаптардын бирөөсү ооруканага жаткырылган, анын жанында үй-бүлөсүнүн мүчөсү бар (андан дагы тажывирусу табылган). Ал эми үчүнчүсү дарыгерлердин көзөмөлүндө карантинге алынган. Бардыгынын абалы туруктуу. Алар Кыргызстандын Исламабаддагы элчилигинде консулдук каттоого алынган эмес, ошондой эле мекемеге жардам сурап кайрылган эмес.

“Элчилик Пакистандын медициналык мекемелери жана укук коргоо органдары менен үзгүлтүксүз байланышта” – деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 23-мартта Пакистанда кыргызстандыктан таажывирусу аныкталган, ал менен чогуу дааватка барган 3 жаран карантинге алынган.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: