Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерришке кайрылуу жолдоду

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-апрелде, Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Антониу Гутерришке кайрылуу жолдоду.

Сооронбай Жээнбеков БУУнун Башкы катчысынын мүчө мамлекеттерге карата күчтөрдү бириктирүү жана коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү үчүн 2 млрд АКШ доллары суммасына гуманитардык иш-аракеттерин баштоо боюнча глобалдык план түзүү демилгесин колдоду.

Президент коронавирус инфекциясынын пайда болушу жана тез жайылышына байланыштуу дүйнөдөгү болуп жаткан оңой эмес кырдаалга көңүл бурду.

Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын эпидемияга каршы багытталган чаралары жөнүндө айтып берип, коронавируска каршы күрөшүүдө дуушар болуп жаткан кыйынчылыктарды белгиледи.

Президент ошондой эле дүйнө өлкөлөрү «COVID-19дун» адамзаттын алдына койгон чакырыктарын жеңип чыгаарына ишенимин билдирди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 7 = 15

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: