Дүйнөдө COVID-19 таажывирусунун жаңы түрүн жуктурган адамдардын саны 1015672 жетти. Мындай маалыматты Worldometer статистикалык сайты берген.
Таажывирусунан улам каза болгон бейтаптардын саны 50 миңден ашат. 210 миңден ашык киши илдеттен сакайган.
Европалык маалымат каражаттары билдиргендей, Кытайдын Ухань шаарынан (Хубэй провинциясы) чыккан жаңы таажывирус 203 мамлекетке тараган .
2-апрелге карата вирустук инфекциянын аныкталган рекорддук саны АКШда. 235 миңден ашуун адам таажывирусун жуктуруп алган, 5,6 миңден ашуун каза болгон.
Италия мамлекети дагы эпидемиологиялык жактан эң ыңгайсыз өлкөлөрдүн бири. 115 миңден ашуун адам таажывирусу чалдыккан жана 13,9 миңден ашуун киши илдеттен улам көз жумган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ