Кечээ, 3-апрелде жалгыз бой эне таксистке алданганын социалдык тармак аркылуу жарыялаган. Анын айтымында 31-мартта келиндин ажырашып кеткен күйөөсү курьер аркылуу наристеге азык-түлүк берип жиберген. Бирок жиберилген азык-түлүк көрсөтүлгөн дарекке жеткен эмес.
Келин карантинге байланыштуу эч жерде иштебей тургандыгын айткан. Ал интернет аркылуу таксистке кайрылып, азык-түлүктү, баласынын жалаягын, алып келип берүүсүн суранган. Келин өзүнүн билдирүүсүндө ошол эле күнү окуяга байланыштуу милицияга да кайрылган.
Бишкек шаардык комендантынын басма сөз кызматы билдиргендей, 31-мартта жабырлануучу арыз жазган. Алардын айтымында, жабырлануучунун күйөөсү ошол күнү кечки саат бештер чамасында Чапаев көчөсүндөгү дүкөндүн жанынан баласына азык-түлүктү Хундай Соната үлгүсүндөгү унаанын ээсинен берип жиберген. Ал 2 миң 510 сомго алынган азык-түлүктү көрсөтүлгөн дарекке жеткирип берүүнү суранып, таксинин акчасын дагы төлөгөн. Таксист буйрутманы алгандан кийин, байланышка чыкпай, жок болуп кеткен.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине “алдамчылык” беренеси менен катталган.
3-апрелде Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлери 1990-жылы туулган С.Р аттуу адамды кармашкан.
Кылмышка шектүү сурак учурунда келиндин телефон номерин туура эмес жазганын, көрсөтүлгөн даректи таба албай үч күндөн бери издеп жүргөнүн айткан.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ