Menu

Бактыгүл Жумабаева, Апрель баатыры: “Раим Матраимов Нарынга 50 тонна ун, 3 тонна суу май жардам жөнөтүптүр, татынакай кылып бөлүп алдык”

Бөлүшүү:

“Раим Матраимов таажывируска байланыштуу өзгөчө кырдаал учурунда жардам деп Нарынга 50 тонна ун, 3 тонна суу май жөнөтүптүр. Ат-Башы районунан келишип, 10 тонна унду, 600 литр майды алып кетишти. Ак-Талаа жана Нарын райондору да 10 тоннадан ун, 600 литрден май алышты”, – деп билдирди бүгүн, 4-апрелде Нарындан Апрель баатыры, таажывируска байланыштуу Нарынга келген гуманитардык жардамдарды бөлүштүрүү боюнча комиссиянын төрагасынын орун басары Бактыгүл Жумабаева.

“Нарын шаарына 10 тонна ун, 600 литр май бердик. Бир айдан бери күнү-түнү иштеп жаткан Нарындын врачтары менен медайымдарга 2,5 тонна ун, 150 литр май бөлүштүрдүк.  ДЦП менен ооругандарга  63 кап ун менен 63 банка май тараттык. Нарындын аярлуу катмарына 87 кап  ун менен 87 банка май жөнөттүк. Раим Матраимовго ыракмат! Нарындын көп тургундары алкап жатышты. Биздин Нарындын күркүл байлары менен 2010-жылы “элдин турмушун оңдойбуз” деп бизди алдап, төңкөрүштөн кийин мародерлук, рейдерлик, банк ячейкаларын талап-тоногон Убактылуу өкмөттүн  мүчөлөрү  Текебаев, Сариев, Бекназаров, Атамбаев, Отунбаеваларга караганда Раим дурус экен. Дегеле Раимди элге жаманатты кылып жаткан “Азаттык” радиосунун кыргыз жетекчилери Атамбаевден чоң акча алып, буйрутма аткарып жатканын биз билебиз. Эмесе Атамбаев өзү 7 жыл бою Раим Матраимов менен иштеп жүрбөдү беле?  Президенттиктен кызматтан кеткенден кийин Раим акча бербей койсо эле ызаланып, “Азаттыктын” бузуку жетекчилерине акча берип, Раимди заказ кылып, жамандатып жатпайбы. Жанагы Али Токтакунов деген журналист өзү телевизордон айтпадыбы: “мен 700 млн долларды Матраимов уурдаган деп эч жерде айткан жокмун” деп. Анан эле атамбаевчилер менен элдин караңгы катмары: “700 млн уурдаптыр” деп эле кыйкырышат. Бизди да 2010-жылы ушинтип алдашкан, “Бакиев уурдап атат, биз бийликке келсек башкача болот” деп. Көрдүк, кыргыздын тарыхында Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнөн өткөн уурулар  болгон эмес.  Жанагы Али Токтакунов деген жаш баланы да таптаза жеринен “Азаттыктын” бузуку жетекчилери ушул ишке салышып, жаманатты кылышты. Акчаны алган бузуку жетекчилери болду, жаман аты Али Токтакуновго калды. Кана, эми “Азаттык” коргоп жаткан атамбаевчилердин кимиси элге жардам берип жатат?  Алар миллиарддап уурдабады беле?  Же мародер, рейдер Убактылуу өкмөт мүчөлөрү 2010-жылдан кийин чириген байларга айланышты, кимиси азыр Раимге окшоп жардам берип жатышат элге? “ – деди Бактыгүл Жумабаева.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 58 = 63

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: