Чүй милициясынын жетекчиси Самат Курманкуловдун абалы канаттандырарлык. Бул тууралуу бүгүн, 7-апрелде Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев журналисттерге билдирген.
Анын айтымы боюнча, учурда дарыгерлер Москвадагы оорукадан берилген документтер менен таанышып жатышат, андан кийин дарыгерлер реабилитациялык дарылоону улантышат. Самат Курманкулов дарылануусун аскердик ооруканада улантат.
Белгилей кетсек, күн мурун, 6-апрелде Россиянын Екатеринбург шаарынан чартердик рейс менен 17 кыргызстандык учуп келген. Бул рейс менен Чүй милициясынын жетекчиси Самат Курманкулов кайтып келгени белгилүү болгон. Ал Атамбаевди мажбурлап алып келүү операциясында башынан оор жаракат алган. Ал Москвадагы Н.Н.Бурденко атындагы нейрохирургиялык борборуна которулуп, ошол жакта дарыланып жүргөн болчу.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ