Menu

Тажикстанда президенттин күйөө баласынын компаниясына 5 гектар жер тилкеси бөлүнүп берилди

Бөлүшүү:

Тажикстандын өкмөтү президент Эмомали Рахмондун күйөө баласы Шамсулло Сохибовго таандык «Фароз» компаниясына беш гектар жер тилкесин бөлүп берди. 7-апрелде «Озоди» радиосунун колуна тийген тиешелүү токтомдун көчүрмөсүндө ал жерге курулуш материалдарын саткан базар салынары жазылган.

«Фароз» жабык акционердик коомуна Душанбе шаарынан 4,96 гектар сугат жер туруктуу колдонууга берилет. Компенсация катары компания өлкө бюджетинин атайын эсебине 673 миң 274 сомони (67 миң доллар) которуу милдеттенмесин алат», — деп жазылган токтомдо.

Расмий түрдө 2002-жылы каттоодон өткөн «Фароз» жабык акционердик коому былтыр жайында ишмердүүлүгүн токтотуп, жоюларын жарыялаган. Компания директорунун Салык кызматына жолдогон расмий катында атаандаштыкка туруштук бере албай калгандыктан, өлкөгө күйүүчү май жеткирүү ишмердүүлүгүн токтотууга ниеттенип жатканы жазылган.

Бирок былтыр жыл соңунда «Озоди» радиосу жүргүзгөн иликтөөдө бизнес-холдинг дале болсо бул ишмердүүлүгүн улантып жатканы айтылган. Андагы материалдарга ылайык, «Фарозго» 60тан ашык ири жана кичи уюмдар менен ишканалар таандык. Алардын арасында май куюучу жайлардын түйүнү, медициналык лабораториялар, бажы терминалдары, автомектептер, тоо-лыжа комплекси бар. Ошондой эле компания алтын жана башка бир нече кендерди иштетет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

96 − 91 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: