Бүгүн, 8-апрелден баштап “Баластан” телеканалынан дистанциялык окуу сабактары көрсөтүлө баштады. Бул тууралуу бүгүн, 8-апрелде өкмөттүк брифингде Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.
“Өлкөдөгү убактылуу кырдаалды эске алып Билим берүү жана илим министрлиги 4-чейректи бүгүн, 8 апрелде дистанттык форматта баштады. Биринчи класстан 4-класска чейинки предметтик билим берүү стандарттарынын алкагындагы жаңы материалдарды гана камтыган видеосабактар “Баластан” телеканалынан көрсөтүлө баштады. 5- 11- класска чейинки окуучулар үчүн жаңы материалды камтыган видеосабактар дагы көрсөтүлө баштады. Белгилей кетчү нерсе сабактар телеканалдардан көрсөтүлгөндөн кийин гана oku.edu.gov.kg порталына жүктөлөт. Демек бул порталга жүктөлгөндөн кийин “Мега 24” тиркемесинен көрсөңүздөр болот. Ошондой эле телеканалдар өзүлөрүнүн “Ю туб” каналдарына дагы дароо жүктөшөт”,- деди Жусупбекова.
Ошондой эле, Жусупбекова “дистанттык формат Кыргызстанда биринчи жолу жүргүзүлүп жатат. Бул бизге жаңы тажрыйба. Буга чейин бизге мындай кыйын кырдаал келген эмес. Өтө кыска мөөнөттө министрлик жана өнөктөштөр менен биргеликте дистанттык форматтын концепциясын иштеп чыктык. Анын алкагында 4-чейректин негизги материалдарын камтыган видеосабактарды тартуу үчүн 200дөн ашуун мугалимдердин командасы топтолду. Бир миңден ашуун видеосабактар тартылууда”,- деп кошумчалады.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ