Menu

Казакстанда өзгөчө абал маалында дээрлик 1,8 миллион адамга жөлөк пул берилди

Бөлүшүү:

Казакстанда өзгөчө абал мезгилинде 1 миллион 779 жаран жөлөк пул катары 42 500 теңгеден алышты. Бул тууралуу өлкөнүн эмгек жана социалдык коргоо министри Биржан Нурымбетов билдирди.

Анын айтымында, жөлөк пул алуу үчүн жалпысынан 4 миллион 900 миң киши арыз менен кайрылган.

«Биз кайрылуулардын ар бирин текшерүүгө аргасыз болуп жатабыз. Анткени алардын 1 миллион 200 миңге жакыны бири-бирин кайталайт. Чыныгы адамдардын саны 3 миллион 700. Арыздарда каталар көп, көпчүлүгү жеке идентификациялык номурларын, банк эсептерин туура эмес көрсөтүшкөн. Мындайлардын саны 150 миңге жакын», — деди министр.

Акыркы маалыматтар боюнча Казакстанда 973 адамдын коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Алардын ичинен 11и каза болуп, 99 киши айыкты.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 86 + = 95

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: