Menu

Данияр Төлөнов, ЖК депутаты: “Генпрокуратура Алтынай Өмүрбекова менен Космосбек Чолпонбаевге кылмыш ишин козгоп, жоопко тартыш керек”

Бөлүшүү:

Башкы прокуратура же аскер прокуратурасы иликтеп, экс-вице-премьер-министрди жана экс-саламаттыкты сактоо министрин жоопко тартуусу керек. Бул тууралуу 14-апрелде ЖКнын эки комитетинин жыйынында депутат Данияр Төлөнов билдирди.

“Биз аларга карата иш козгошубуз керек” деди ал.

Сөзүнүн башында депутат мурунку саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев лабораториялар, бет каптар, костюмдар баардыгы даяр деп айтканын эскертти. «Тилекке каршы, андай болгон жок. Ушул эле маалымат президентке да айтылды. Коопсуздук Кеңешинде президент сынга алып, саботаж болду деп айтты. Мага ошол саботаж деп айткан маалыматты бергилечи”,- деди ал.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов эгер комментарий бере турган болсо, анда ал туура эмес болот деди.

«Мен ал жерде эмне даяр эмес экендигин билбейм. Президент сынга алып, саботаж деп атады. Өкмөткө бир топ сындар айтылды. Андан кийин вице-премьер-министр жана саламаттыкты сактоо министри кызматынан кетишти. Мага бул тууралуу маалымат бериңиздерчи ”,- деди Төлөнов.

Боронов вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жана саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев өз ыктыяры менен кызматтан кетүү арызын жазышканын эскертти (алар 1-апрелде кызматтан бошотулган). Андан кийин эки штаб премьер-министрдин жетекчилиги астында бириктирилген.

«Башында бир нече ката кетирилген. Коопсуздук Кеңешинде саламаттыкты сактоо министри муну моюнга алды. Балким сын туура болгон. Ушундай негизде чечимдер болгон ”, – деди Боронов.

Төлөнов туура маалымат берүүгө кеңеш берди. “Мындай сындан кийин эки лидер (вице-премьер-министр жана саламаттыкты сактоо министри) отставкага кетишти. Алар өз каалоосу менен арыз жазган деп айтып жатасыңар. Лабораториялар даяр эмес, тесттер жок экенин биз көрдүк. Алар өз каалоосу менен кетип калышты деп айтуунун кажети жок ”, – деди ал Бороновго кайрылып.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 67 = 71

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: