Menu

Түп районунда таштанды өрттөп жатып каза болгон жарандын сөөгү карантин шартында жерге берилген

Бөлүшүү:

Кечээ, 15-апрелде Түп районунун Карасаев айыл аймагына караштуу Тасма айылында өрттүн кесепетинен каза болгон 49 жаштагы А.Жыргалбектин сөөгү карантин шартында жерге берилген. Бул тууралуу журналисттерге жергиликтүү тургундар билдиришти.

Маалыматка караганда окуя мындайча болгон, каза болгон киши 10-апрель күнү кечке жуук таштандыларды өрттөйүн деп жаткан. Бирок ошол күнү катуу шамал болуп жаткандыктан маркум таштанды бат күйүп кетсин деп бензин чачкан жана анын кесепетинен от өзүнө дагы жайылып кеткен. Өрттөнүп жаткан маркумду үй-бүлөөсү көрүп калып ага жардамга барышкан. Өрттү өчүрүшкөндөн кийин денесинин белинен жогору жагы күйгөнү белгилүү болгон.

Жыргалбек Каракол шаарындагы ооруканага жеткирилген, ал жерде дарыгерлердин айтымында, маркумдун денесинин 60% күйүк алган. Ал комага түшүп, кийинчерээк көз жумган.

Ал 15-апрелде Тасма айылындагы көрүстөнгө карантин шартында коюлган. Анын артында аялы, үч кызы жана эки уулу калды.

Кошуналардын айтымында, айылда карантин болгондуктан, эч ким сыртка чыкпагандыктан, ошол күнү кечинде маркумдун өрттөнүп жатканын бири дагы көргөн эмес. 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 96 − = 92

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: