Бүгүнкү күндө Ош шаары, Кара-Суу жана Ноокат райондорунда укук коргоо органдарынын 837 кызматкери коронавируска тест тапшырган. Бул тууралуу бүгүн, 16-апрель күнү комендант Малик Нурдинов онлайн брифингде билдирди.
“Жалпак тил менен айтканда, баары таза чыкты. Обсервация бир дагы кызматкер жок” – деп билдирди комендант.
“Ал эми Ноокат районундагы ажы тойго барган кызматкерибиз менен аялынан дагы вирус аныкталган жок. Алар ажыга барып келген адамдын үйүндө батирде турушат экен. Бүгүнкү күндө алар обсервациядан үйүнө чыгышты” – деп кошумчалады Малик Нурдинов.
Ал ички иштер органдарынын кызматкерлеринин арасында коронавируска шектүүлөр жок экенин белгиледи.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ