Пандемия өкүм сүрүп турган маалда ЕАЭБге мүчө бардык өлкөлөрдө баалар жана тарифтер көтөрүлүп жатат. Статистика комитетинин маалыматына караганда, эң эле чөң көрсөткүч Кыргызстанда катталды.
Февралга салыштырмалуу мартта инфляциянын көлөмү Арменияда – 0,5%,Беларуста – 0,9%, Казакстанда – 0,9%,Кыргызстанда – 1,5%, Орусияда – 0,6% түздү.
Эгер март айын декабрь менен салыштырсак, абал төмөндөгүдөй:
-Армения – 1,7%
-Беларус – 2,7%
-Казакстан – 2,3%
-Кыргызстан – 2,7%
-Орусия – 1,3%.
Жыл башынан бери Кыргызстанда баарынан көп азык-түлүк товарлары (алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки продукцияларын эске алганда) кымбаттап, жогорулоо 5,2% түздү.
Эл аралык валюта фондунун божомолдору боюнча 2020-жыл Кыргызстан экономикасы үчүн акыркы 25 жылдан берки эң оор учур болот. Жыл соңунда ички дүң өнүмдүн өсүшү 4% чейин төмөндөшү мүмкүн.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ