Кыргызстанда бүгүн, 17-апрелде эртең менен коронавирустун 23 жаңы учуру катталды, алардын ичинен 12 медицина кызматкери. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттөгү брифингде билдирди.
Ушуну менен Кыргызстанда 116 медициналык кызматкерде коронавирус аныкталган:
– дарыгерлер – 38;
– орто билимдүү кызматкерлер – 46;
– башка кызматкерлер – 18.
Учурда өлкө боюнча коронавирус илдети менен 489 адам жабыркоодо.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ