2020-жылдын январь-февраль айларында Кыргызстанда каттоо органдарында 25 миң 637 ымыркай катталган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин басма сөз кызматы билдирет.
Салыштыруу үчүн, 2019-жылдын январь-февраль айларында 28 миң 681 ымыркай катталган.
Үстүбүздөгү жылдын ушул эле айларында 6 миң адам каза болгон, 2019-жылдын январь-февраль айларында 5,5 миң киши көз жумган.
Натыйжада, калктын табигый өсүшү 19,6 миң адамды түзгөн (2019-жылдын январь-февраль айларында 22,2).
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ