Бүгүнкү күндө коронавируска чалдыккан 371 бейтап ооруканаларда дарыланып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 18-апрель күнү КР Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттүк онлайн брифингде билдирди.
“Өлкөдө коронавируска чалдыккан 12 бейтаптын абалы оор, анын ичинде 6 адам жандандыруу бөлүмүндө жатат. Орточо абалда жана канаттандырарлык абалда 359 бейтап бар” – деп билдирди Нурболот Үсөнбаев.
Белгилей кетсек, бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстан боюнча 506 адамдан коронавирус аныкталган. 130 бейтап оорудан сакайып, ооруканадан чыгарылган. 5 жаран илдеттен улам каза тапкан.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ