“Өзгөчө абал киргизилгенден бери, 25-марттан 17-апрелге чейин Бишкек шаарында 1048 факт катталды. Анын ичинен 950 кылмыштын бети ачылды” – деп билдирди бүгүн, 18-апрель күнү Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев өкмөттүк онлайн-брифингде.
“Былтыркы жыл менен салыштырганда, 2019-жылы 2028 кылмыш фактысы катталган. Коменданттык саатты бузгандардын саны 2052 түздү. Анын ичинен 1785и эркек, 267си аял” – деп билдирди комендант.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ