Бүгүн Кыргыз Республикасына Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун линиясы боюнча Польша Республикасынан курамында 8 медициналык кызматкер турган топ келди. Бул тууралу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.
Польшалык медиктер атамекендик медициналык кызматкерлерге Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларында коронавирустук инфекцияга каршы күрөшүүдө көмөк көрсөтүшөт.
Эки өлкөнүн адистери аталган багытта топтолгон маалыматы менен бөлүшүп, тажрыйба алмашышат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ