Түркиядан учуп келген 211 жаран үй карантинине жөнөтүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 21-апрелде КР Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
Анын айтымы боюнча, Түркиядан келген кыргызстандыктар Бишкек шаарындагы Ак-Кеме мейманканасында уюштурулган обсервацияга жайгаштырылган. Алардан коронавируска анализ алынып, терс натыйжаларды алгандан кийин үй карантинине жөнөтүлгөн.
“Аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, анкеталар толтурулду, кыймылын көзөмөлдөө үчүн мобилдик тиркеме орнотулган. Алар атайын унаалар менен үйлөрүнө жеткирилген” – деп билдирди Нурболот Үсөнбаев.
Ал ошондой эле, учуп келген жарандардын арасында ден-соолугуна байланыштуу Түркияда жүргөндөр да бар болгонун кошумчалады.
“Учуп келгендердин арасында Түркиядан бөйрөгүн алмаштырып келгендер да бар болду. Жүрөгүнө дагы операция жасатып келгендер болду. Аларды өзүнчө ооруканаларга алып барып жаткызып, ошол жерден лабораториялык тестирлөөдөн өтүшкөн, андан кийин үй карантинине жөнөтүлгөн” – деп билдирди Нурболот Үсөнбаев.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ