Menu

Өкмөт чет өлкөдөн кайта албай жаткан мигранттарды колдоо үчүн 15 млн сом бөлдү

Бөлүшүү:

Өкмөт учурда чет өлкөлөрдөн мекенине кайта албай калган мекендештерди колдоо, алардын жашоосу үчүн убактылуу шарт түзүү, тамак-аш менен камсыздоо максатында 15 млн. сом бөлдү.

Бул маалыматты Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык ыкчам штабдын жыйынында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Анын ичинде 5 млн. сом Бириккен Араб Эмираттарындагы элчилик, ал эми 10 млн. сом Орусиядагы элчилик аркылуу берилет. Бул каражат жашоосунан жана тамак-аштан кыйналып турган кыргызстандыктарга жардам берүүгө багытталган.

Биринчи вице-премьер-министр коронавирус илдетине каршы күрөш үчүн түшкөн жардам жөнүндө маалыматтар ачык экенин, бардык гуманитардык жардамды жана аны бөлүштүрүүнү онлайн режиминде көрүүгө мүмкүнчүлүк түзгөн атайын платформа иштелип чыкканын эске салды.

Коронавируска каршы күрөш боюнча атайын эсептерге келип түшкөн акча тууралуу https://help.covid.kg сайтындагы 21-апрелдеги маалымат:

Саламаттык сактоо министрлигинин эсебине 129 млн. сом келип түшкөн, андан 19,2 млн. сому сарпталган.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин эсебине 15,1 млн. сом келип түшкөн, андан 13,3 млн. сому иштетилген.

Бишкек мэриясынын эсебине 3,3 млн. сом келип түшкөн, андан 2,6 млн. сом сарпталган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: