Menu

Динара Чокоева, журналист: “Элмирбек байкеден интервью алганда, бала кезде сууга түшүп кетип, өлүп кайра тирилгенин айтып калчу эле”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 21-апрель күнү журналист Динара Чокоева “Facebook” тармагындагы баракчасына мезгилсиз дүйнөдөн кайткан Кыргыз Республикасынын Эл артисти, ак таңдай төкмө акын, манасчы, обончу, дастанчы, актер Элмирбек Иманалиевдин акыркы күндөрү эмне менен алек болуп жүргөнү тууралуу пост жазды:

“Элмирбек байке мени “карындашым” дейт эле (апасы, чоң апамдын байкесинин кызы болот), жердешим. Экөөбүз жанаша турган айылданбыз, ал – Чоңко, мен -Жетиген. Келинчеги Нурзат жеңе менен интервью алып жакында таанышып калдым. Экөөбүз вотсап аркылуу дайыма сүйлөшүп турабыз. Былтыр мен балалуу болдум. Нурзат жеңе баламдын аты Элхан экенин угуп “биз да жакында балалуу болуп атын Элхан койдук. Кызым бөбөк суранып атканынан кыялын орундаттык. Жаш өткөндө төрөгөндөн уялып калат экенсиң, ошондуктан балалуу болгонубузду көптөргө деле айткан жокпуз” деген эле. Баласы Элмирбек байкеге куюп койгондой окшош. 1 жарым жашка чыккан Элханды эстеп жүрөгүм сыздап турат. Эч нерсени биле элек кезинде атасыз калды. Нурзат жеңе менен өткөндө эле сүйлөшкөм:
– Элмирбек байке Коронавируска байланыштуу ыр жазып атабы? Мындай оор кырдаалдарда сонун ырлар чыкчу эле го? – десем.
– Жөн эле ойлонуп, ары бери басып мамалактай жүрөт го. Ыр чыгарганын байкаган жокмун. Тоготпой жүргөн. Азыр кичине сестенип, үйдөн чыкпай калды. Анткен менен Элмир өзүн аябай ишенет, колдочуларым күчтүү деп. “Сеникине айтып кой, бизди деле колдой кетсин” дедим, “макул” деди. Карантинде Элмир мага китептерин алып чыга баштады “оку, акыркы күндөру такыр эле, китеп окуганынды көрбөй калдым” дейт. “Төртөө менен кайдагы китеп” дедим” деп күлгөн. Жайбаракат жашоолору өтүп атканын байкагам. Мындай оор күн башка келээрин ким билиптир. “Бул ырды уксаң, байкең мага жазган” деп ыр жөнөтүп калчу эле, эх Нурзат жене кантип жалгыз калды экен… Арман күн. Ишенгим келбейт. Жүрөк жанчылып атат. Ач ажал… Манас Бердибеков каза болгондо, мектепте окуган кыз элем, эң мыкты талантка ичим ачышып “Манас Бердибековдон көрө мен өлсөм болмок, менин элге пайдам жок, ал пайдасы бар киши эле” дегеним эсимде, азыр да ошол абалда турам. Ата энесинен бирдей айрылган Айзуура менен Сезимге, сүт оозунан кете элек Элмирбек байкенин кичинекей төрт баласына кыйын болду. Эх арман. Ишенбейм… Эмнеге мыкты адамдардын өмүрү аз болот? Сиз мыкты акын, мыкты талант эле эмес, МЫКТЫ АДАМ болчусуз. Элмирбек байкеден интервью алганда, бала кезде сууга түшүп кетип, өлүп кайра тирилгенин айтып калчу эле, ошентип кайра тирилип калсаңыз экен. Кара жерге кыял албай турат элиниз”,- деп жазган Чокоева.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 58 + = 62

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: