Menu

Аида Исмаилова: “Саламаттыкты сактоо министрлиги химиотерапия каражаттарын сатып алууга тендер жарыялайт” 

Бөлүшүү:

Химиотерапия каражаттарын сатып алууга 160 миллион сом бөлүнгөн. Бул тууралуу бүгүн, 21-апрелде өкмөттө өткөн брифингде вице-премьер-министр Аида Исмаилова билдирди.

“Улуттук онкология жана гематология борбору дары-дармектердин тизмесин түздү. Тизме импорттоого уруксат алуу үчүн Саламаттыкты сактоо министрлигине өткөрүлүп берилди. Жакын арада Саламаттыкты сактоо министрлиги химиотерапия үчүн каражаттарды сатып алууга тендер жарыялайт. Ошондой эле балдардын онкологиялык ооруканасында дары-дармектер, химиотерапия каражаттары жетиштүү”,- деди Исмаилова.

Буга чейин социалдык тармактарда жарандар Улуттук онкология жана гематология борборунда химиотерапия үчүн каражаттар жок деп даттанышкан болчу.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 85 = 90

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: