“Жазгы талаа иштерине 40 миң 936 тонна дизель отуну жана 15-20 миң тонна бензин жумшалат” – деп билдирди бүгүн, 22-апрелде КР Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев өкмөттүк онлайн-брифингде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.
“Күйүүчү-майлоочу каражаттар менен камсыздоодо көйгөйлөр жок. Бүгүнкү күндө ири фермердик чарабалар, жада калса, интенсивдүү талаа иштери жүрүп жаткан Нарын жана Ысык-Көл облустарындагы фермерлер да күйүүчү-майлоочу каражаттарды сатып алышты” – деп билдирди министр Эркинбек Чодуев.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ