“Бүгүн Элмирбек үчүн бүт Кыргызстан күйүп турат, ыйлап олтурат… Өлүмгө эч ким туруштук бере албайт экен. Кезинде дүйнөнүн жарымын бийлеген Чынгызхан да өтүптүр бул дүйнөдөн, Искендер Зулкарнайын, Темирлан, Бабурлар да өтүптүр. Бирок биздин Элмирбегибизди жок дегенде 70 жашка чыгарып алсак эмне”, – деп баштады өз сөзүн депутат Садык Шерниязов бүгүн, 22-апрелде КРнын эл артисти Элмирбек Иманалиевди жерге берүү зыйнатында.
“Элмирбек, аркы дүйнөгө аттанып турасын, ал жакта сени өзүңдүн атаңдай болгон Ашыралы Айталиев “эрте келдиң” деп тосуп алар. Ошол жерде Эстекем бар, Эстеке сени эркелетип алып жүрөр”, – деди Садык Шерниязов.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ