Бүгүн, 22-апрелден тарта Кара-Балта шаарында карантиндик режим күчөтүлдү.
Бүгүнкү күндө Жайыл районунда COVID-19 инфекциясынын 4 учуру тастыкталды. Кечээ эки учур катталганы жарыяланган. Ал эми бүгүн Саламаттыкты сактоо министрлиги дагы эки жаңы учур катталганы тууралуу маалымдады.
Абалдын курчушуна жана коронавирустук инфекциянын очокторун каттоого байланыштуу Кара-Балта шаарында аныкталган байланыштарды эске алуу менен, ошондой эле Кара-Балта шаарында жана Жайыл районунда коронавирустук инфекциянын андан ары жайылышына жол бербөө максатында, тургундарды бири-бири менен жакын болбоого жана социалдык жактан жооптуу болууга үндөдү.
Коронавирустук инфекцияга каршы күрөшүү боюнча шаардык штаб жарандардан себепсиз сыртка чыкпоону, ошондой эле шаардан сыртка чыкпооны, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди так сактоону суранат.
Шаардын аймагында азык-түлүк саткан базарларында иштөө режими бир саатка кыскарган – базарларда 14:00 чейин, азык-түлүк дүкөндөрүндө 18:00 чейин.
Мындан тышкары, Кара-Балта шаарында төмөнкү аймактарда санитардык-карантиндик посттор түзүлгөн:
– Сосновка бурулушу;
– Т.Кожомбердиев көчөсү менен (Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын маңдайы);
– 8-март жана Ж.Баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде;
– Труд жана Комсомольская көчөлөрүнүн кесилишинде;
– Ж.Баатыр жана Ломоносов көчөлөрүнүн кесилишинде.
Мындан тышкары, Кара-Балта шаарынын төмөнкү участокторун бетон куюу менен тосуу тапшырылды:
– Т.Владимиров көчөсүндөгү темир жол өткөөлү;
– “Джунду”га бурулуш;
– «Аланию»га (кафе) бурулуш;
– П.Тольятти көчөсү (көмүр кампасынын жанындагы көпүрөнүн асты);
– Крупская жана Ж.Баатыр көчөлөрүнүн кесилиши;
– Крупская жана Комсомольская көчөлөрүнүн кесилиши;
– Крупская жана Красноармейская көчөлөрүнүн кесилиши;
– Труд жана Ж.Баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде (Керемет дүкөнүнүн жанында).
Ошондой эле Кожомбердиев көчөсүндө 10 тоннадан ашык жүк ташуучу унаалардын кыймылын азайтып жана жүк ташуучуларды Фрунзенский көчөсү менен өтүүгө көрсөтмө берилген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ