Menu

Нурболот Үсөнбаев: “Новосибирсктен учуп келген жарандар “Ак Кеме” мейманканасындагы обсервацияга жаткырылды”

Бөлүшүү:

Кечээ, 22-апрелде Россиянын Новосибирск шаарынан 176 жаран учуп келди. Бул тууралуу бүгүн, 23-апрелде КР Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.

Анын айтымында, эрте менен лабораториялык тастыктоолор жүргүзүлүп, сурамжылоо жана жарандарды милдеттенмелери жөнүндө маалымдоо жүргүзүлүп жатат.

“Тесттин жыйынтыгын алгандан кийин алар үй карантинине жөнөтүлөт”, – деп кошумчалады Нурболот Үсөнбаев.

“Новосибирсктен учуп келген жарандар Бишкектеги “Ак Кеме” мейманканасындагы обсервацияга жаткырылган. Аларды дарыгерлер көзөмөлдөп, медициналык байкоолорду жана изилдөө жүргүзүп жатышат, эпидемиологдор алардын канча күн жана кайсы жерде болушкандыгын такташат. Ушул маалыматтардын негизинде биз программа иштеп чыгып, көзөмөлдөп турабыз” – деп кошумчалады Нурболот Үсөнбаев.
https://www.youtube.com/watch?v=6Avg3sPbBts
Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: