Menu

Мария Логвиненко, пластикалык хирург: “Күз, жаз айларында кыздык тиктиргендер көбөйөт”

Бөлүшүү:

– Кыздык белгини тиктирүү маселеси менен кайрылгандар көп болобу?

– Кыздык белгини тиктирүү боюнча кайрылгандардын саны күз, жаз айларында көп болот. Аны тиктирүүнү көп учурда адамдар башкача кабыл алышат, мен муну кадимкидей жумушум катары сыпаттайм. Кыздык тиктиргендер эркектерди алдаганга жатпайт, өзүнүн намысын ойлогондор. Анткени кыздардын 30 пайызында кыздык белги тубаса жок болсо, айрым кыздардын кыздык белгиси чоюлчаак болуп, кечирээк айрылат. Мындай учурда биринчи нике түндө кыздык “түшпөй” калышы толук ыктымал. Бирок, мусулман өлкөлөрүндө муну оор кабыл алышып, келинди үйүнө жеткирип салганга чейин барышат. Абалды эч ким түшүнгүсү келбейт, дароо эле кызды айыптаганга өтүшөт. Муну медицина тили менен түшүндүргөндө, көп учурда эркектин жыныс мүчөсү кичине болгондуктан, кыздык нике түнүндө «түшпөй» калышы ыктымал…

– Кыздык белгини тигүү процедурасынын аткарылышы жана өзү кандай болот?

– Кыздык белги чел кабык сыяктуу ичке пардан турат. Биринчи жыныстык катнашта ал айрылып, кан сыяктуу суюктук агат да, калдыктары жыныс кынында калат. Ошол чел кабыктын калдыктарын бири-бирине улаштырып тиктиришет. Дайыма катнашта болгондордун жыныс кыны кичине кеңейип калат. Аларга кыздык парданы бир эмес, 2-3 кат кылып тигүүгө туура келет. Эгер жыныстык катнашта 1-2 жолу гана болгон болсо, анда бир кат эле тигилет. Кыздыкты көбүнчө кыска аралыкка, тагыраагы, 3-5 күнгө тиктиришет. Белгиленген күндө турмушка чыкпаса, кыздыкты тиккен жип өзүнөн-өзү жок болуп, жыныс кын мурдагы абалына келип калат. Ал эми узак убакытка чейин кармап туруу талап кылынса, белги бир айга чейин кармалып турат. Бул кооптуу деле эмес, операцияны жарым саатка жетпеген убакытта аткарууга толук мүмкүн.

– Мындай суроо боюнча кайрылгандардан эмне талап кылынат?

– Эгер кыздык белгинин көпкө чейин турушун кааласа, анда гепатит А, Б жана жалпы кандын анализи талап кылынат. Ал эми кыска аралыкка гепатит А, Б формаларына анализ тапшырышы зарыл. Бул биринчиден бейтаптын өзүнүн ден соолугунун коопсуздугу. Бирок, учурда көп хирургдар анализдин жыйынтыгы жок эле тиге беришет. Мен буга каршымын.

– Жашы улуулар да кайрылган учурлар катталабы?

– Жашы отузга чейинкилер кайрылбаса, андан жогорку курактагыларда мындай маселе жок. Бирок, бир-эки балалуулар да келген учурлар болуп калат. Көпчүлүгү белги тигилгенден кийин «андагы жип эркекке билинбей-би?» деп сурашат. Кыздык эркектин жыныс мүчөсүнө сезилбей турган өтө ичке жип менен бекитилет.

Нурзада Тынышбаева

Булак: “Азия news”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 23 + = 30

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: