Өлкөдө коронавируска чалдыккандардын саны азайып, сакайгандардын саны көбөйүүдө, эпидемиологиялык параметрлер кубандырбай койбойт. Бул тууралуу бүгүн, 23-апрелде КР Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
“Бүгүн оорудан сакайган 38 адам ооруканадан үйүнө чыгып жатат. Тыкыр текшерүүнүн жыйынтыгында 19 адамдан коронавирус табылды. Сакайгандар менен ооруга чалдыккандардын саны айырмалана баштаганда, тенденция түздөлүп жатат. Мен адис катары айта алам, оорунун эң жогорку деңгээлине жетип калдык дегенди тастыктап айтса болот” – деп билдирди Нурболот Үсөнбаев.
Буга чейин, Кыргызстанда коронавирустун эң жогорку деңгээли 20-24-апрелде болот деп болжолдонгон.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ