Мамлекеттик тил боюнча улуттук коммисия түзгөн тестирлөө планына ылайык бүгүн, 14-августта биринчи болуп сынак тапшыра турган талапкер Айтикеев Акбаралы Ысырайылович Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкерлигин коюудан баш тарткандыгына байланыштуу тестирлөөгө келген жок. Бул туурасында аталган комиссиянын басма сөз кызматы маалымдады.
Ал эми кийинки кезекте талапкерлер Кожогулов Талгатбек Ашыркулович, Кенжекулов Полотбек Пирмаматович, Мансуров Акылбек Зулпукарович тест тапшырат.
Эскерте кетсек, буга чейин мамлекеттик тил сынагына 37 талапкер катышып, анын ичинен ийгиликтүү тапшырган 35 талапкерге мамлекеттик тилди В2 деңгээлинде билээрин тастыктаган Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын сертификатын ыйгарылды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ