Menu

УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Болот Сүйүмбаевге издөө жарыяланды

Бөлүшүү:

УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Болот Сүйүмбаевге издөө жарыяланды. Бул тууралуу бүгүн, 10-декабрда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, алтын-зер буюмдарынын аткезчилигине байланыштуу ачылган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Болот Сүйүмбаевдин бул кылмышка тиешеси бар экендиги жөнүндө айныгыс далилдер алынды. Ал суракка бир нече жолу чакырылган. Бирок келген эмес.

УКМК Жазык кодексинин 320-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) жана 223-беренеси (“Экономикалык контрабанда”) боюнча шектелип жатканы тууралуу Болот Сүйүмбаевдин сыртынан кабарлама таратылды жана издөө жарыяланды.

Белгилей кетсек, буга чейин алтын аткезчилиги боюнча кылмыш иши козголуп, УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын мурдагы кызматкери кармалган. Мындан тышкары, УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Дүйшөнбек Чоткараев күбө катары суракка алынды.

Эсиңиздерге сала кетсек, 2019-жылдын март айынан баштап, КРнын Аскер прокуратурасы тарабынан КРнын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери менен жең учунан сүйлөшүп алып, айрым жеткирип берүүчүлөр тарабынан зер буюмдардын өзгөчө ири өлчөмдө аткезчилик жол менен ташылып кетишине байланыштуу бир нече кылмыш иши боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.

Тергөө иштеринин натыйжасында, 2017-жылы УКМК ыкчам бөлүмдөрүнүн бири республикага контрабандалык жол менен ташылып бараткан салмагы 22 килограммдан ашуун алтын зергер буюмдарынын ири партиясын кармагандыгы аныкталган. Бул факт боюнча УКМК ошол учурдагы жетекчилиги тергөө алдындагы текшерүүнү токтотуу жана конфискацияланган зер буюмдарды кайтарып берүү жөнүндө мыйзамсыз буйрук берген, натыйжада республиканын бюджетине өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Ошол эле учурда, тергөө маалында жетиштүү далилдер чогултулуп, аткезчиликке тиешеси бар тараптар жоопко тартылып, күнөөлөрүн мойнуна алышып, мамлекетке 6 миллион сомдон ашуун келтирилген зыяндын орду толтурулган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 25 − = 15

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: